Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Ооган бийлиги Кандагар менен Герат талибдерге багынганын ырастады


Кабул шаары, Ооганстан.
Кабул шаары, Ооганстан.

Ооган бийлиги өлкөнүн экинчи чоң шаары, провинциянын борбору Кандагар талибдердин көзөмөлүнө өткөнүн расмий тастыктады. Бул шаарда 600 миңден ашуун киши жашайт.

Ошондой эле Кабул Талибан кыймылы Ооганстандын үчүнчү чоң шаары Гератты дагы басып алганын ырастады. Бул тууралуу эл аралык Reuters агенттиги кабарлады. Буга чейин Талибан кыймылы жогорудагы эки чоң шаарды колго алганын жарыялаган болчу.

Анда эки күндөн берки өкмөттүн аскерлер менен айыгышкан салгылаштын натыйжасында 12-август күнү кечке жуук Ооганстандагы экинчи жана үчүнчү ири шаарлар Герат менен Кандагарды өз көзөмөлүнө өткөрүп алганы кабарланган. Ага чейин Кабулга жакын Газни шаары Талибан жоочуларынын көзөмөлүнө өткөн. Ошентип, соңку бир апта ичинде талибдер 12 провинциянын борборун ээледи.

Талибдердин тездик менен кол салуусу расмий Кабулду жана анын өнөктөштөрүн таң калтырууда.

1996-2001-жылдары Ооганстандын көп бөлүгүн көзөмөлдөп турган топ "Аль-Каида" террордук тобунун башчысы Усама бен Ладенди жашырганы үчүн кулатылган. Эми бул кыймыл кайра бийликти өз колуна алууну көздөп жатат.

БУУ соңку бир айда гана жоочулар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунан бери дегенде миңдей жайкын тургун мерт кеткенин билдирди. АКШнын президенти Жо Байден Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүү боюнча чечимине өкүнбөй турганын билдирип, расмий Кабулду өз өлкөсү үчүн күрөшүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG