Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

АКШ Лукашенкону мигранттардын мыйзамсыз агымын токтотууга чакырды


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Америка Кошмо Штаттарынын жогорку даражалуу дипломаты Беларус президенти Александр Лукашенкону Литва жана башка өлкөлөргө мигранттардын мыйзамсыз агымын уюштурууну тез арада токтотууга чакырды.

Мамлекеттик катчынын орун басары Венди Шерман 13-августтагы Литванын тышкы иштер министри Габриелус Ландсбергис менен сүйлөшүүдө Беларустун Литва менен чек арасындагы маселени көтөргөн.

Өткөн айдан бери Беларус аркылуу Литвага ирактык мыйзамсыз мигранттардын агымы күчөдү. Акыркы жумада ушундай эле көрүнүш Латвия жана Польшанын чек араларында да байкалган.

Польша, Балтика өлкөлөрү жана Евробиримдиктин расмий адамдары мыйзамсыз мигранттардын агымы Лукашенко тарабынан Евробиримдик киргизген санкцияларга жооп катары атайын уюштурулуп жатканын билдиришти.

13-августта Литванын президенти Гитанас Науседа мыйзамсыз мигранттардын агымына каршы чек арага аскер кызматкерлерин коюу тууралуу жарлыкка кол койду. (МТа)

XS
SM
MD
LG