Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Коронавирустун жаңы толкунунан улам АКШнын ооруканалары толуп калды


Орусиядагы ооруканалардын бири.
Орусиядагы ооруканалардын бири.

АКШнын бир катар штаттары коронавируска чалдыккан оор бейтаптарды дарылоого бош орун калбай баратканын билдирүүдө. Орусияда бир суткада 815 адам каза болуп, рекорддук чекке жеткенин билдирсе, Барзилияда бир суткада 966 адам каза тапты.

АКШнын Алабама штатынын губернатору медицина кызматкерлери ооруканаларга олуттуу оорчулук келтирип жаткан COVID-19дун толкуну жөнүндө кабарлагандан кийин өзгөчө кырдаал жарыялады.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Орегон штатында да ооруканалар толуп калды. Бийлик медицина кызматкерлерин колдоо үчүн ооруканаларга Улуттук гвардиянын 1500 аскерин жайгаштыруу планын жарыялады.

Акыркы маалыматтарга караганда, Бразилия менен Орусия акыркы 28 күндүн ичинде өлүмдүн саны боюнча экинчи жана үчүнчү орунда.

Бразилия төрт жуманын ичинде дээрлик 30 миң, Орусия 21 миңден ашуун адамды жоготту. Америкалык Жонс Хопкинс университети статистикага алган өлкөлөрдүн ичинде Индонезиядагы көрсөткүч эң жогору. Ал жакта 43 миң адам каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG