Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Бишкек: Коронавирустан кийин калыбына келтирүү бөлмөлөрү ачылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бейтапканаларда коронавирус менен ооруп айыккандардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн атайын жардам уюштурула баштады. Бул тууралуу 16-августта Биринчи Май райондук Бириктирилген үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Мунаркан Өмүралиева билдирди.

Өмүралиеванын айтымында, бул ишке психологдор, психиатрлар, дарылоо дене тарбиясы боюнча атайын окутулган инструкторлор тартылууда:

“Былтыртан бери ооруп кеткен көп жарандарыбызда постковид синдрому байкалууда. Оорудан кийин абалы начарлап, залакасы тийгендер бар. Биздин баштапкы медициналык жардам көрсөтүүчү борборлордо калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Физиотерапия, укалоо аркылуу реабилитация, психологиялык жардам сөзсүз керек”.

Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алгандар 172 миңден ашты, алардын 2,5 миңге жакыны каза болду. Ооругандардын көбү Бишкекте. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG