Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:33

20-августтун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызстандын гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, 20-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй дубанында түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус жылуу болот.

20-августта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн. Түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градуска чейин ысыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG