Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Ооганстан: туу көтөрүп акцияга чыккандарга ок атылды (видео)


Ооганстан. 19-август, 2021-жыл.
Ооганстан. 19-август, 2021-жыл.

Ооганстандын бир нече аймагында Эгемендик күнүнүн урматына мамлекеттик тууну көтөрүп, демонстрацияга чыккандарга ок атылганы кабарланды. Бул тууралуу Reuters агенттиги күбөлөрдүн айтканына таянып, маалымат таратты. Анда күбөлөр бир нече адамдын каза болгонун кабарлашкан. Алар октонбу же адамдар качкан учурда “сүрмө топтун” алдында калып жан бергенби белгисиз.

Ооганстан: туу көтөрүп акцияга чыккандарга ок атылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Кабулдун тургуну Мухаммед Салим акцияга жүздөгөн кишилер катышканын билдирди.

“Башында мен акцияга катышуудан коркком. Бирок коңшуларымдын бири бара жатканын көрүп, мен да үйдөгү желекти алып чыктым”,-деди ал.

Ушундай эле демонстрация Жалалабад провинциясында да өткөнү белгилүү болду. 19-август - Ооганстанда Британ империясынан эгемендик алган күн катары белгиленип келген.

Бир күн мурун Жалалабадда талибдер мамлекеттик тууну көтөрүп демонстрацияга чыккан адамдарды аткылашкан. Анын натыйжасында бир нече адам каза болгону айтылган.

Бүгүн “Талибандын” согушкерлери Кабулдун аэропортуна кирчү бардык көзөмөл-өткөрмө пункттарды ээлеп, өлкөдөн учуп кетүүгө уруксаты бар оогандыктарды да киргизбей жатканы кабарланды. “Талибандын” жана НАТОнун кызматкерлеринин маалыматы боюнча, соңку күндөрү аэропорт жана анын айланасында жалпысынан 12 адам өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG