Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

СOVID-19: HRW Иранды АКШ, Британияда өндүрүлгөн вакцинаны колдонууга чакырды


Ирандагы коронавируска каршы эмдөөгө келген жарандар.
Ирандагы коронавируска каршы эмдөөгө келген жарандар.

Human Rights Watch уюму Иран бийлигине кайрылып, АКШ, Британияда өндүрүлгөн вакциналардын колдонууга тыюу салган чектөөнү алып салууга чакырды.

Уюм вирусту жуктургандар жана анын кесепетинен каза болгондор көбөйүп жаткан чакта мындай чектөө абалды огобетер курчутуп жатканын белгилейт. Буга байланыштуу расмий Тегеранды “адам өмүрүн сактап калчу бардык ресурстарды” колдонууга үндөдү.

Иран өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 18-августта өлкөдө коронавирустан 655 адам көз жумду. Ал эми жалпы пандемия курмандыктарынын саны 100 миңден ашты.

Учурда өлкөдө 5 миллиондон ашык адам вакцинанын эки дозасын алды. Иранда коронавируска каршы дары-дармек, вакцина жана ооруканаларда орун жетишпестиги байкалууда.

Буга чейин өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи идеологиялык каршылашы болгон АКШ, Британияда өндүрүлгөн вакциналарды колдонууга тыюу салган. Ал эми Pfizer-BioNTech, Moderna, AstraZeneca cыяктуу вакциналар аталган өлкөлөрдө иштелип чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG