Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан үч адам каза болду


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 50-чакырымындагы Ивановка айылында 20-августта жол кырсыгы катталып, үч киши каза болду. Алардын бирөө бир жаштагы наристе экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам (1 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) дароо каза болуп, 3 адам жарадар болду.

2021-жылдын жети айында Кыргызстанда төрт миңге чукул жол кырсыгы катталып, 400дөй адам көз жумду.

Былтыркыга салыштырмалуу 2021-жылы жол кырсыгы 36% көбөйгөн, анын ичинен каза болгондор 21%, жаракат алгандар 38% түзөт. 5954 киши кырсыктан ар кандай жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши мерт болгон.

Кыргызстанда 2019-жылдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштеп баштады. Долбоордун биринчи этабын ишке ашырган орусиялык “Вега” компаниясы 35 миллион долларга Бишкек менен Чүйдөгү жолдорго 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Анын 90у стационардык, 20сы көчмө аппараттар. Кийинчерээк бул камералардын саны көбөйгөн эле.

Июнь айында президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинети сунуштаган “Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Жаңы өзгөрүүгө ылайык айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70% арзандатуу каралган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG