Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Москвада ооган аялдарын колдоп акцияга чыккандар кармалды


Ооганстанда талибдердин режмине каршы аялдардын акциясы.
Ооганстанда талибдердин режмине каршы аялдардын акциясы.

Дүйшөмбү күнү кечинде Ооганстандын Москвадагы элчилигинин алдына ооган аялдарын колдоо үчүн чыккандардан алты кишини полиция кармап кетти. Алар шарият эрежелерин карманган Талибан кыймылы Ооганстандын аймагын ээлеп алгандан кийин ооган аялдарынын укугунун сакталышына тынчызданып чыгышкан.

Кармалган активисттердин бири Ксения Безденежных мыйзамды кайталап бузганы үчүн деген жүйө менен полиция бөлүмүндө калтырылды. Калгандарына "макулдашылбаган акцияга чыккан үчүн" деген протокол толтурулуп кое берилди. Акция Петербургда дагы өттү. Акциянын катышуучулары Орусия бийлигине талибдер менен кызматташпоо талабын коюшту.

АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрү ооган аялдарынын укугу жөнүндө билдирүү тараткан. Анда эл аралык коомчулуктун талибдер режимине мамилеси алардын аялдардын укугуна карата жасаган аракетине көз каранды болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Талибан кыймылы аялдарга эч кандай коркунуч жок экенин айтып жатканы менен көпчүлүк укук коргоочулар жана жергиликтүү тургундар алардын убадасына ишенбей турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG