Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Байден: Ооганстандагы операциялар 31-августка чейин аяктайт


Жо Байден. АКШ президенти.
Жо Байден. АКШ президенти.

АКШ Ооганстандагы аскерлеринин бардык операцияларын, анын ичинде чет элдиктер менен кээ бир оогандыктарды эвакуациялоону 31-августка чейин толук аяктоону көздөйт.

Бирок бул мөөнөттө операцияларды аяктоого жетишип, үлгүрүү талибдерден көз каранды экенин АКШ президенти Жо Байден шейшемби күнү Ак үйдө билдирди. Андан мурун Байден “Чоң жетинин” лидерлери менен бул маселени талкуулаган.

АКШ президенти америкалык аскерлердин Ооганстандан кетишине байланыштуу күтүүсүз жагдайлардын алдын алуу планын иштеп чыгууну тапшырганын айтты.

“Биз ал жакта канчалык узакка калсак, ошончолук террордук чабуулдарды жасоо тобокелдиги жогору болот”, - деп белгиледи Байден.

Ошентип, Ооганстандан эл аралык күчтөрдүн чыгып кетүү мөөнөтү мурда бекитилген боюнча 31-август бойдон калды.

Ага чейин Кабул аэропортунда турган чет элдик жарандарды, дипломаттарды, айрым ооган жарандарын жана аскерлерди чыгарып кетүүгө үлгүрүү үчүн бекитилген мөөнөттү артка жылдыруу демилгеси көтөрүлгөн.

Бирок Пентагон бекитилген мөөнөттү узартпоону сунуштап, анткени Кабул аэропортунда турган аскерлердин коопсуздугуна кепилдик жок экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG