Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Министрлик: Мектептер мугалимсиз калтырылбайт, орус тилдүү адистер жетишсиз болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектептердин кадр маселеси мамлекеттик бөлүштүрүү жолу менен чечилгендиктен мугалим жоктугунан сабак өтүлбөй калган учурлар болбойт. Бул тууралуу 25-августта “Азаттык” радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Нургүл Мамбетакунова билдирди.

Ал мамлекеттик мектептердин баары мугалим менен толук камсыздалып турарын, жыл сайын жаңы окуу жылы башталарда бош орундар боюнча маалымат топтолорун, бул жыл сайын жүргүзүлүп туруучу иш экенин белгиледи.

Быйылкы жаңы окуу жылына карата, Мамбетакунованын айтымында, 2 миң мугалимдин орду бош турат деген маалымат түшкөн, анын 1670и мамлекеттик окуу жайларды быйыл бүткөн 2070 жаш адистин арасынан толукталмай болду. Калган орундарга контракттык бөлүмдөрдү быйыл аяктаган 2814 адистин арасынан тандалып алынат.

Мамбетакунова мугалимдик кесипке ээ болгон адистердин баарын персоналдык негизде мамлекеттик бөлүштүрүү жүргүзүлөрүн, ар бир мектепте кадрдык резерв бар экенин кошумчалады:

“Орун эч убакта ачык калбайт. Сентябрдын аягы же октябрга чейин калган күндө деле кийинки резервде тургандар келет, контракттык бөлүмдөрдө окугандар келет. Ошолор менен жабылат”.

Ошону менен катар орус тилдүү мектептерде айрыкча башталгыч класстын мугалими, орус тили, математика сабактары боюнча мугалим жетишсиз экени белгилүү болду.

Мамбетакунова бул маселени райондук билим берүү бөлүмдөрү, жогорку окуу жайлардын контракт бөлүмдөрү менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү аракети көрүлүп жатканын, кыргызча окуса да орусча сабак өтө ала турган улан-кыздарды издеп жатышканын билдирди.

Кыргызстанда мугалимдик кесипке 16 окуу жайда окутушат. Мугалимдердин жалпы саны 80 миңдин тегерегинде.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин жетишсиздиги боюнча маселе соңку 4-5 жылда мурдагыдай курч болбой келатканын, буга маяна көбөйтүлүп, мектепте иштөөнү каалагандар арбый баштаганы себеп экенин белгилөөдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG