Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Бишкек, Ош жана Токмокто мэр шайланды

Бишкектин мэрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 26-августтагы отурумунда мэр болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү добуш берди.

Ош шаардык кеңеши жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз талапкер Алмаз Мамбетовду мэр кылып шайлады. Ага 45 депутаттын 43ү макулдугун берип, экөө каршы добуш беришти.

Токмок шаарынын мэри болуп Урмат Самаев шайланды. Ага шаардык кеңештин 19 депутаты добуш берген. Экинчи талапкер Азат Кубатбек уулу 11 добуш алган.

Добуш берүүгө 31 депутаттын 30у катышты. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн. Депутаттар чогулбай, кворум жок болуп, добуш берүү дээрлик үч саат кечигип башталды.

Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и "Эмгекке", тогузу "Ата-Журт Кыргызстанга", сегизи "Ишенимге", жетөө "Ынтымакка", бешөө "Өнүгүү-Прогресске" жана дагы бешөө "Социал-демократтарга" тийген.

Ошто 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган.

Токмокто "Бирге-Вместе" партиясына тогуз, "Эмгекке" сегиз, "Асыл Мурас-Жаштарга" беш, "Патриот Ынтымагына" беш жана "Эл Биримдигине" төрт мандат тийген.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Токмокто бүгүн 26-августка белгиленген мэр шайлоо дээрлик үч саат кечигип башталды. "Азаттыкка" маалым болгондой, шаардык кеңештин 31 депутатынын 30у саат 12ге жакын гана чогулуп, добуш берүүнү башташты.

Күн тартибине ылайык, жыйын саат 9да башталып, 12де жыйынтыкталмак.

Бул шаарда мэрликке эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн.

Ош шаарынын мэри болуп шайланган Алмаз Мамбетов журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ош шаардык кеңеши жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз тапакер Алмаз Мамбетовду мэр кылып шайлады. Аны депутаттардын 43ү колдоп, экөө каршы добуш берген.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган.

45 жаштагы Мамбетов мэрдин милдетин аткаруучу болуп 2-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган. Ага чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген.

Мамбетовдун талапкерлигин мэрликке шаардык кеңештин “Аманат” көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

Бишкектин мэрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 26-августтагы отурумунда баш калаага мэр болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү добуш берди.

Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Жунушалиев президент Садыр Жапаров саясий иштерге, шайлоого административдик ресурсту колдонууга тыюу салып, эскертүү бергенин, бир дагы саясий партияда мүчө болбогонун жана андай ою жок экенин, Бишкекте бизнес кызыкчылыгы жоктугун айтты .

45 жаштагы Жунушалиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен 12-августта дайындалган. Ага чейин ал өкмөт башчынын орун басары, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде статс-катчы, Чүй облустук администрациясында түрдүү жетекчилик кызматтарда иштеген.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG