Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Баткен: тажик айылынан суу алып өтүү үчүн күзөт уюштурулду


Паскы-Арык айылы
Паскы-Арык айылы

26-августта Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев тажик айылын аралап өткөн каналдан сууну камсыздоо үчүн Баткен райондук суу чарба башкармалыгынан жана жергиликтүү бийликтен атайын күзөт тобу уюштурулганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

Күзөт тобу тажик тарап менен макулдашууга ылайык, Тажикстандын Кожо-Ало айылынан секундасына бир куб метр суу кыргыз тарапка агып туруусун камсыздайт деди район акими.

“Учурда чек арада абал туруктуу, айрым маселелерди ордунда чечүү үчүн ыкчам сүйлөшүүлөр жүрүп, нараазылыктар жаралбагандай аракет жасап жатабыз,”-дейт Жоробаев.

Эки тараптуу макулдашууга ылайык "Головнойдон" бөлүнгөн суу Тажикстандын айылынан Кыргызстандын Самаркандек айыл аймагына секундасына бир куб метр суу чыгып туруу керек. 25-августта Баткен районунун Самаркандек айылына бир жумадан бери Тажикстандын Кожо-Ало (Мачайи) айылынан сугат суу өтпөй жатканын айтып жергиликтүүлөр бийликке кайрылышкан.

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагындагы үч айылга “Головнойдон” бөлүнгөн суу Тажикстандын Хожо-Ало айылын аралап өткөн канал аркылуу жеткирилет. Чек арада чыңалуу жаралган сайын тажик айылынан өткөн канал тоткотулуп, Паскы-Арык, Жаң-Бак, Самаркандек айылдарына суу жетпей калат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара такталбаган аймактарында жол, суу, жайыт, жер талаш маселеси чыр-чатактардын негизги себеби болуп келүүдө. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG