Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Коронавирустан дагы беш адам каза болду, 237 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан беш адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2503 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 237 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (111) жана Чүй (52), Ысык-Көл (33) облустарында.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 174 813 адамга жетти.

Бир күндө 422 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 1215 адам жатат, дагы 1643 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Оорунун экинчи толкуну октябрда болгон.

Быйыл июнь айында күн сайын 2 миңдей бейтап жаңы катталып жатканда өкмөт оорунун үчүнчү толкуну башталганын жарыялаган. 24-августта үчүнчү толкун басаңдап баратканы расмий айтылды.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG