Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Айбек Жунушалиев Бишкектин мэри болуп шайланды


Айбек Жунушалиев. 2021-жылдын 26-августу.
Айбек Жунушалиев. 2021-жылдын 26-августу.

Бишкектин мэрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 26-августтагы отурумунда башчы болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү добуш берди.

Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

"Азаттык" радиосунун суроосуна жооп берип жатып жаңы мэр үч ай ичинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы иштелип чыгарып билдирди:

"Ошол иштин алкагында тиешелүү долбоорлор каралып, өткөн жана өтпөй калган партиялардын программалары изилденет. Ошолор менен жумуш тобу түзүлүп, иштеп чыккандан кийин кандай иштер кайсы убакытта аткарыларын айта алабыз".

Депутаттардын алдында сүйлөп жатып Жунушалиев президент Садыр Жапаров саясий иштерге, шайлоого административдик ресурсту колдонууга тыюу салып, эскертүү бергенин, бир дагы саясий партияда мүчө болбогонун жана андай ою жок экенин, Бишкекте бизнес кызыкчылыгы жоктугун айтты.

45 жаштагы Жунушалиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен 12-августта дайындалган. Ага чейин ал өкмөт башчынын орун басары, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде статс-катчы, Чүй облустук администрациясында түрдүү жетекчилик кызматтарда иштеген.

11-июлда өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгында Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и «Эмгекке», тогузу «Ата-Журт Кыргызстанга», сегизи "Ишенимге", жетөө "Ынтымакка", бешөө "Өнүгүү-Прогресске" жана дагы бешөө "Социал-демократтарга" тийген.

"Ата-Журт Кыргызстан", "Эмгек", "Ишеним" жана "Өнүгүү-Прогресс" көпчүлүк коалициясына биригишкен. (RK/MTa/GT)

XS
SM
MD
LG