Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

27-августтун аба ырайы: кээ бир аймактарда жаан жаайт


Кегети. Чүй облусу.
Кегети. Чүй облусу.

27-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 31…33 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 23…25 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG