Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Кытай коронавируска байланыштуу АКШны айыптады


Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Фу Конг.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Фу Конг.

Кытай Кошмо Штаттарды коронавирустун пайда болуу себептерин иликтөөнү саясатташтырып жатат деп айыптады. Бээжин мындай билдирүүсүн Американын чалгын кызматтары даярдаган баяндама жарык көрөр алдында жасады. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Фу Конг 25-августта өткөн брифингде билдиргендей, эгер Вашингтон Бээжинди “негизсиз күнөөлөй турган болсо» контрчабуулга даяр болушу керек.

Американын чалгын кызматтарына мындай баяндама даярдоону АКШ президенти Жо Байден тапшырган. Ал май айында жасаган билдирүүсүндө коронавирустун пайда болуу себептеринин айланасында жүрүп жаткан талкууларды, анын ичинде лабораториядан чыккан болушу ыктымал деген версияларды дагы текшерүү зарыл экенин айткан. Ак үйдүн маалыматына караганда, баяндаманын көчүрмөсү Байдендин колуна тийди.

Маалымат каражаттары АКШ бийлигинин өкүлдөрүнө таянып, отчетто эч кандай так жыйынтык жок экенин жазышты.

Кытай вирустун лабораториядан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү өтө эле төмөн экенин билдирип, эгер чыкса Мэриленддеги америкалык аскердик лабораториядан жайылышы ыктымал деген божомолун бөлүшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG