Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Баткен менен Сох районунун акимдери жолугушту


Өзбекстан менен чектеш Кыргызстандын Согмент айылы. 26-август 2021-жыл
Өзбекстан менен чектеш Кыргызстандын Согмент айылы. 26-август 2021-жыл

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Өзбекстандын Сох районунун акими Сайидбахром Саидмусаев Күңгөй-Там менен Хушяр айылы чектешкен аймакта жолугушту.

Баткен райондук администрациясынан 26-августта “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, жолугушууда чектеш аймактарда мыйзамсыз курулуштар, жол, өткөрүү бекеттеринен каттоо эрежелери, жайыт жана эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланган.

Ошондой эле, акимдер чек арада жашаган калктын мамилесин бекемдөө, соода алаканы жана маданий кызматташтыкты чындоону макулдашышкан.

2013-жылы Баткен районунун Чарбак айылын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Хушярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30дан ашык адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берген. Анклавдын айланасындагы жолдор убактылуу жабылган.

Кыргызстандын Чарбак жана Согмент айылдары менен Өзбекстандын Хушяр айылынын ортосунда сугат суу каналы жана жол каттамдары токтотулуп, ушул күнгө чейин калыбына келтириле элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG