Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы акцияга 200 күн болду


Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чыккандар.
Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чыккандар.

Шинжаңда камалып жаткан туугандарын бошотууну талап кылып, Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына уюштурулуп жаткан акцияга 200 күн болду.

25-августта чыккан алты адам кетпей, ошол жерде түнөп калышты. Акциянын катышуучулары туугандарына Шинжаңдан Казакстанга чыгууга уруксат бермейинче ошол жерден кетпей турганын билдиришти.

"Башка жол жок. Кечээ акциянын 199-күнүндө мен консулдуктун алдында түнөп калууну чечти. Биздин кытай элине эч кандай каршылыгыбыз жок, биз бул саясатты жүргүзүп жаткан кишиге наарызыбыз",-деди алардын бири.

Кытай буга чейин консулдуктун алдында чыккандардын туугандары Шинжаңда «мыйзам бузганы үчүн жазасын өтөп жатышканын» билдирген.

Акциянын катышуучуларын бир нече ирет полиция кармап кетип, айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыгы диний жана этникалык маселеге байланыштуу кодулоого дуушар болгону тууралуу 2018-жылы БУУнун комитетинин баяндамасы чыккан. Эл аралык коомчулуктун басымына карабай, Кытайда уйгур, казак, кыргыз сыяктуу мусулман азчылыктарын кысымга алуу күчөп, “кайра тарбиялоо” лагерлеринин саны 40% өскөнүн австралиялык Стратегиялык саясат институту да изилдеген.

Кытай бийлиги муну четке кагып, лагерлерди “кесиптик даярдоо” жана "экстремизмге каршы күрөшкөн борборлор” деп сыпаттап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG