Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Навальныйдын камалгандан берки алгачкы маеги жарык көрдү


Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный Москвадагы сотто. 20-февраль, 2021-жыл

Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын камалгандан берки алгачкы маеги New York Times басылмасында жарык көрдү. Ал америкалык медианын суроолоруна жазуу түрүндө жооп берген.

Навальный саясий туткун катары абакта өткөрүп жаткан күндөрүн сүрөттөп, ага орус каналдарын жана пропагандалык тасмаларды күчтөп көрсөтүп жатышканын билдирген.

Ал муну «психологиялык зомбулук» деп атаган. Телевизор көрүүгө бөлүнгөн беш саат ичинде абактагыларга башка бир нерсеге алаксыганга, мисалы китеп окуп, уктап же бир нерсе жазганга тыюу салынат.

Cаясатчы короо шыпырып, элден келген каттарды окуп күн өткөрөрүн кошумчалаган.

«Мен 24 саат бою тыкыр көзөмөлдөмүн», - дейт Кремлдин келишкис сынчысы.

Башына түшкөн оор сыноолорго карабай Навальный Орусиянын келечегине оптимизм менен карайт жана «Путиндин режими» эртеби-кечпи кыйрайт деген пикирде.

«Орусия демократиялык, европалык өнүгүү жолуна түшөт. Анткени адамдардын каалоосу ошондой», - деп жазган Алексей Навальный.

Оппозициячыл саясатчы быйыл январда камакка алынган. Ага жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деген айып тагылып, дээрлик үч жылга кесилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG