Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Жогорку окуу жайлар 15-сентябрдан кадимки тартипте окутууга өтөт


Студенттер.
Студенттер.

Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери, менчигине жана макамына карабай 15-сентябрдан кадимки режимде иштеп баштайт.

Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен 26-августта “Азаттык” радиосуна билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, окуу башталганга чейин билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин 70% эмдөө пландалган.

Буга чейин 2021-2022-жаңы окуу жылында мектептер бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен 15-сентябрдан иштей турганы жарыяланган.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыркы окуу жылы 1-класстан башка класстарга онлайн башталган. 1-чейректен кийин 1-4-9-11-класстарга, ал эми "жашыл" зонадагы мектептерге бардык класстарга салттуу окутууга уруксат берилген. Жогорку окуу жайлар да ушундай эле тартипте, жарым-жартылай онлайн окуган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG