Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Жалал-Абад: калкты тейлөө борбору Open Space форматында иштей баштады


Жалал-Абаддагы калкты тейлөө борбору

Жалал-Абад шаардык калкты тейлөө борборун жаңыча форматка өткөрүүдө мамлекеттен каражат бөлүнгөн эмес. Жеке ишкер имаратты акысыз берип, эмеректер менен камсыздаган. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Асылбек Жумашов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анда паспорттоштуруу жана жарандык абалдын актыларын каттоонун 26 түрү боюнча кызмат көрсөтүлөт. Калкты тейлөө борбору ачык мейкиндик (Open Space) режиминде иштейт. Күтүү залы, жетекчинин жана кызматкерлердин жумуш орундары, документтерди кабыл алган адистердин баары бир бөлмөдө жайгашкан.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн дагы шарттар бар. Электрондук кезек иштейт, бөлмө ичинде иштин жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн видеокамералар орнотулган”,- деди Асылбек Жумашов

Жалал-Абад шаардык калкты тейлөө борбору жарым милиондой калкка кызмат көрсөтүп, жылына кырк миңдей киши тейлейт. Мурдагы имараттын бөлмөлөрү тар болуп, жарандар сыртта күтүп турушчу. Шарттын жоктугу эл арасында нараазылык мжаратып келген. (TB/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG