Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас Өзбекстан Ооганстандагы талибдердин запкысынан коркуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө камынып, Германиянын тизмесинде турган жарандарга чек арасын ачууга даяр экенин билдирди. “Өзбекстан аларды эвакуациялоого жардам берүүгө даяр” – деди министр журналисттерге Ташкентте туруп.
Маас ооган жергесинен Германиянын жарандарын жана кооптуу кырдаалга кабылган укук коргоочулар, журналисттер сыяктуу жергиликтүүлөрдү чыгарып кетүү анын Борбор Азияга, Пакистанга жана Жакынкы Чыгышка жасаган төрт күндүк сапарынын башкы максаты экенине токтолду. Ооганстанда "Талибан" кыймылы бийликти басып алгандан кийин Берлин 40 миң кишини чыгарып кетерин билдирген. Кабул аэропорту ачык болсо учак менен, болбосо коңшу өлкөлөр таркылуу эвакуацияны ишке ашыруу планы бар экенин маалымдаган.
30-августта кечке жуук Маас тажик бийлиги менен сүйлөшүүгө Дүйшөмбүгө барды. Андан кийинки сапарын Исламабадга улайт. Немис министри Ооганстан менен чектешкен өлкөлөргө Германия экономикалык жана гуманитардык көмөк көрсөтөрүн айтты.
29-августтан тарта АКШ Кабул аэропортунда жарандарды эвакуациялаган миссияны жыйынтыктоого киришти. Британия, Германия, Франция жана башка АКШнын союздаштары бул миссияны аякташкан. Августтун акыркы күнү америкалык аскер күчтөрүнүн акыркысы Кабулдан чыгып кетет.
Facebook шеринеси