Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:19

COVID-19: Кыргызстанда эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардын саны 1 миллион 132 миңге чукулдады. Алардын 683 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алса, 449 миңге жакыны эмдөөнүн толук курсунан өткөн. Бул тууралуу маалымат Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында жарыяланды.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG