Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Ондогон уюм балдар укугу боюнча президент Жапаровго кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдар укугун коргоо жаатында иштеген бир нече уюм президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду. Анда Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясын жана мыйзам долбоорлордун топтомун тезирээк кабыл алуу өтүнүчү айтылган.

"Кодексти кабыл алууну создуктуруу балдардын абалын, коопсуздугун жана алардын укугунун корголушун начарлатат. Башкы прокуратура 2019-жылы балдарга карата кылмыштар 19% өскөнүн билдирди. 2020-жылы 98 өспүрүм өз жанын кыйды. (2019-жылы 48 факт катталган). Ушул жылдын 1-кварталында 1463 үй-бүлөлүк зомбулук жана балдарга ырайымсыз мамиле кылган 129 факты катталган. Абалдын начарлашы оор кырдаалда калган балдарды аныктоо, аларга өз убагында натыйжалуу жардам берүү, алдын алуу системасынын жоктугу себеп болууда", - деп жазылат кайрылууда.

2017-жылы курамына депутаттар, укук коргоочулар жана тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүп, балдардын абалын жакшыртуу, укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорлордун топтомун, жаңы Кодекстин редакциясын иштеп чыккан. Президентке кайрылган укук коргоочулар бул документти кабыл алуу улам кийинкиге жылып келатканын айтышкан. Кайрылууга "Балдар укугун коргоо лигасы", "Укук борбору" "Биздин үн" баш болгон 30дан ушуун уюм кол койгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, пандемия учурунда үй-бүлөдөгү зомбулук 65% көбөйүп, 20дан ашык аял зомбулуктан мерт болду. Адистер үйдөгү зомбулукта эне менен кошо балдар да жабыркай турганын белгилеп келишет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG