Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

"Адилет" президенттен резиденцияда жашагандар боюнча маалымат берүүнү өтүндү


"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында тартылган сүрөт.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында тартылган сүрөт.

"Адилет" укуктук клиникасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жашоого укуктуулар, азыр жашап жаткандар, ал жерде өткөрүлүүчү бейрасмий иш-чаралар, тейлөө жана камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп жаткан акча боюнча маалымат берүүнү өтүндү. Бул тууралуу уюм өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна 2-сентябрда билдиришти.

Юристтер аткаминерлерге мамлекеттен берилүүчү жеңилдиктердин көбү эл төлөгөн салыктын эсебинен каржыланарын эскертишти. Оор социалдык-экономикалык кырдаал түзүлүп турган чакта элдин татыктуу жашоосун камсыз кылуу үчүн тез арада чечүүнү талап кылган башка маселелер көп экенин белгилешти жана аткаминерлерге элдин эсебинен жеңилдик берүүнү коррупция катары сыпатташты.

Резиденция президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына карайт. “Адилеттин” маалыматына караганда, аталган мекемеге 2021-жылга мамлекеттик бюджеттен 662 миллион сом бөлүнгөн, бул 2020-жылга салыштырганда 8 миллион сомго көп.

Уюм “Ала-Арчадан” тышкары мамлекеттик резиденциялар Ош, Чолпон-Ата, Жалал-Абад жана Талас шаарларында да бар экенин, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына атайын оорукана, бала бакча, автотранспорт ишканасы, аңчылык чарба, курулуш ишканасы жана башка да мекемелер кирерин белгиледи.

Жакында айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) резиденцияда жашоо укугуна ээ кызматкерлердин катарына кирбесе да мекеменин азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиев “Ала-Арчада” жашап жатканы, уулунун үлпөт тоюн өткөргөнү тууралуу маалымат тараган. Ютубдагы Temirov Live KG каналы бул боюнча иликтөө жарыялаган.

“Азаттык” бул маселеге байланыштуу 2-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматына кайрылганда “Комментарий жок” деген жооп алды.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы да “Адилет” укуктук клиникасы көтөргөн маселе боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG