Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

COVID-19: Чымкентте, Актөбөдө балдарды эмдөөгө каршы акция өттү


Балдарды коронавирустан эмдөөгө жана мектепке жиберүүго каршы болгондордун акциясы, 7-сентябрь, 2021-жыл.
Балдарды коронавирустан эмдөөгө жана мектепке жиберүүго каршы болгондордун акциясы, 7-сентябрь, 2021-жыл.

7-сентябрда Казакстандын кеминде эки шаарында балдарды коронавирустан тегиз эмдөөгө каршы болгондор акцияга чыгышты. Чымкентте 20га чукул аялдын шаардык бийликтин алдына барып, аким менен жолугуу аракетинен майнап чыккан жок. Алар балдарды мектепке жиберүүгө жана коронавирустан эмдөөгө каршы экенин айтышты.

Нааразылыкка чыккандардын арасында көп балалуу жана майып балдарды караган энелер жүрдү. Полиция чогулгандарга сырттан көз салып турду.

Ушундай эле акция Актөбөдө да өтүп, ага 20дай киши чыкты. Полиция кызматкерлери топтолуп, акцияны карап турушту. Чогулгандарга облустук саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү чыгып жолукту.

Казак бийлиги быйыл октябрь айынан тарта америкалык Pfizer компаниясынын вакцинасын алып келип, кош бойлуу жана жашы 12ден өткөн өспүрүмдөрдү ата-энесинин макулдугу менен эмдөөнү пландап жатат.

19 миллион калкы бар мамлекет элин жапырт эмдөөнү февралда Карагандыда чыгарылган Орусиянын "Спутник V", жергиликтүү QazVac жана Кытайдын CoronaVac вакциналары менен жүргүзө баштаган. Коңшу өлкөнүн калкынын арасында вакцинага ишенбөөчүлүк менен карагандар да арбын.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG