Өзбекстандын “Термез” полигонунда Түштүк-Батыш аскер округунун абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу 7-сентябрда Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Машыгуулардын негизги максаты - топтолгон тажрыйбаны андан ары өркүндөтүү, күжүрмөн операцияларды уюштуруудагы алган билимди бекемдөө менен заманбап шарттарга комплекстүү камсыздоо”,-деп айтылат аскер мекемеси тараткан маалыматта.
Эске сала кетсек, Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда 15-август күнү кечинде Ооганстандын аскер аба күчтөрүнө таандык учак кулап түшкөн. Өлкөнүн Коргоо министрлиги бул аскер учагы мамлекеттин аба мейкиндигинен өтүп, аймакка кирип баратканда токтотулганын ырастаган. Бирок министрлик Өзбекстандын абадан коргонуу күчтөрү учакты атып түшүргөнүн тактаган эмес.
14-15-августта Ооганстандан Өзбекстанга 22 аскердик учак жана 24 тик учак мыйзамсыз өтүп, Термезге конгону айтылат. Аларда жалпысынан 585 ооган аскер кызматкери болгон.