Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Путин: Ооганстанга чектеш аймакта "өтө олуттуу маселелер" пайда болду


Владимир Путин ЖККУнун саммитине онлайн катышууда. 16-сентябрь 2021-жыл
Владимир Путин ЖККУнун саммитине онлайн катышууда. 16-сентябрь 2021-жыл

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер менен Ооганстандын чек арасында “өтө олуттуу маселелер” пайда болду.

Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембиде уюмдун Дүйшөмбүдө өткөн саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Жыйынга видео байланыш аркылуу катышкан Путин чек ара аймагындагы кырдаал уюмга кирген өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратат деп эсептерин белгиледи.

“Азыркы шартта ЖККУнун тыгыз координациясы жана бир муштумдай болуп аракеттенүү мурда болуп көрбөгөндөй зарыл. Биздин өлкөлөрүбүздө коопсуздукту, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн ЖККУнун саясий жана коргонуу дараметин толук колдонууга даяр турууну макулдаштык”.

Москва "Талибанды" террордук уюм деп атаганы менен акыркы жылдары Ооганстандагы касташкан топтор ортосунда арачы катары аракеттенип келет.

Путин Дүйшөмбүдө өткөн ЖККУнун жыйынына видео аркылуу катышты. Муну ал айланасындагы адамдар коронавирус жугузуп алгандыктан, обочодо иштеп атканы менен түшүндүрдү.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG