Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

ШКУнун Дүйшөмбүдөгү саммитинде Ооганстандагы абал талкууланат


ШКУнун Бишкектеги саммитинде тартылган. Архивдик сүрөт
ШКУнун Бишкектеги саммитинде тартылган. Архивдик сүрөт

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинен кийин 17-сентябрда Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болот. Анда да Ооганстандагы абал негизги маселелерден болот. 2001-жылы түптөлгөн уюмга адегенде Кытай Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирип, 2017-жылы Индия менен Пакистан кошулган.

Орусия президенти Владимир Путин айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталгандан кийин Тажикстанга баруудан баш тарткан. Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпинь жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да жыйынга онлайн катышмакчы. Уюмдагы байкоочу статуска ээ Ирандын президенти Ибрахим Раиси жума күнү барат деп күтүлүүдө.

Ооганстан дагы уюмга байкоочу катары кирген, бирок орус тышкы иштер министри Сергей Лавров 15-сентябрда “Талибан” кыймылы саммитке чакырылбаганын билдирген.

“Талибдерди толук таанууга эч ким шашылган жок”, – деп айтты Лавров.

Бир ай мурун дээрлик бүт Ооганстанды, анын ичинде Кабулду өз көзөмөлүнө алган "Талибан" кыймылы кошуна өлкөлөрдү жана Орусияны аларга эч кандай коркунуч жаратпасына ишендирип келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG