Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

УКМК: «Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды


Жоомарт Оторбаев. Архивдик сүрөт.
Жоомарт Оторбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу 16-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматында Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзам талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген" деп жазылган.

Мурдагы премьер бүгүн кармалганы, анын бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталары айтылды.

Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары жетектеген Оторбаевдин жакындары жана адвокаттарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG