Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Алмаз Сарыбаевди №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу чечим чыкты


Алмаз Сарыбаев. Архивдик сүрөт.
Алмаз Сарыбаев. Архивдик сүрөт.

"Толубай" банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Сарыбаевдин бөгөт чарасын караган Биринчи Май райондук соту 16-сентябрда ушундай чечим чыгарганын “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Айжан Орозакунова билдирди.

Жактоочунун айтымында, Сарыбаевдин бөгөт мөөнөтү 16-ноябрга чейин деп аныкталды. Адвокат соттун чечимине макул эместигин, шаардык сотко арызданарын айтты.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 309-беренесинин (Бийликти күч менен басып алуу) негизинде иликтөө жүргүзүп жатканын, бул иш алкагында Алмаз Сарыбаев жана ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалганын, күбө катары бир нече мурдагы жана азыркы депутат, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматчылар суракка алынганын мекеменин басма сөз кызматы 16-сентябрда билдирди.

16-сентябрда Биринчи Май райондук соту Асановду эки айга Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарды.

14-сентябрда интернетте Асанов менен Сарыбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү деген аудио тараган.

Экөө тең коюлуп жаткан айыпка макул эместигин белгилеп, аны "жалаа" деп атап жатышат. (AiB/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG