Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Аэропорттун жолундагы адам өлүмүнө шектелген айдоочу үй камагына чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Манас” аэропортуна кеткен жолдо адам өлүмүнө себепчи болгон деп шектелген айдоочу үй камагына чыкты. Сокулук райондук соту 21-сентябрда ушундай чечим чыгарганын Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык 19-сентябрда болгон. Чоң жолдо автоунаалар менен жарышканы айтылган мотоцикл айдоочусу жергиликтүү келинди сүзүп өлтүрдү деген видео социалдык түйүндөргө жарыяланган.

Буга байланыштуу жашоочулар катуу ылдамдыкта жарышып ойногон айдоочуларды тыюу талабы менен нааразылык акциясын уюштурушкан.

Аялдын өлүмүнө шек саналган 29 жаштагы жаран 20-сентябрда кармалган.

Милиция Жазык кодексинин 297-беренесинин (Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.

Ички иштер министрлигинин эсебинде, Кыргызстанда быйыл 2021-жылдын жети айында 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам каза болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG