Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Жогорку Кеңеш жазык-укук кодекстерине карата президенттин каршы пикирин колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш жаңыланып жаткан жазык-укук кодекстерине карата президенттин каршы пикирлерине макул болду. Бул маселе парламентте бүгүн 22-сентябрда каралып, депутаттар “Укук бузуулар жөнүндө кодекске”, “Кылмыш-жаза кодексине”, “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине” жана аларды ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамга карата президенттин каршы пикирин колдогон чечим кабыл алышты.

Кодекстерди жаңылоо демилгесин көтөрүп чыккан Башкы прокуратуранын жетекчиси Курманкул Зулушев каршы пикирлер негизинен редакциялык мүнөздө экенин айтты:

“Президенттик администрациянын котормодо кеткен кемчиликтер, редакциялык жана ушундай маанидеги башка каршы пикирине биз демилгечи катары макул болдук. Кечээ эки комитетте каралып, макулдук берилген”.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев кодекстер шашылыш жаңыланып жатканын айтып, тергөө жана прокуратура органдарынын даярдыгына кызыкты. Зулушев тийиштүү органдар жаңы кодекстер боюнча иштөөгө даяр экенин айтты.

Кыргызстанда 2012-жылы укуктук-соттук реформа башталып, 2017-жылы Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстери жаңыланган жана алар 2019-жылы иштей баштаган.

Бул кодекстерди кайра өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору быйыл 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган. Жаңыртылган долбоорлорду 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыккан.

Мындай реформа ырааттуу түрдө, так максат коюп, эл аралык тажрыйбаны жана кесепеттери кандай болорун эске алуу менен шашпай жүргүзүлбөсө жыйынтыгы тобокелдик жаратарын, репрессиялык ыкмалар бар экенин айткан айрым саясатчылар жана талдоочулар сунуштарды артка кайтаруу керектигин белгилешкен. Ал эми Башкы прокуратура сунуштар жүйөлүү экенин эл гана эмес, кодекстерди иш жүзүндө түздөн-түз колдонуп жаткан адистер да айтып жатышканын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG