Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Парламентте "Кумтөрдүн" азыркы иши боюнча маалымат угуу сунушталды


Кумтөр.
Кумтөр.

Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинде сырттан башкаруу киргизилгенден берки иштер тууралуу маалымат угуу сунушу айтылды. Парламенттин 22-сентябрдагы отурумунда депутат Акылбек Кемелов маселени алгач комитетте, кийин жалпы жыйында кароону сунуштады:

“Кумтөрдө кандай иш аткарылууда, кадр саясаты кандай жүрүүдө, жалпы маалымат алып коелу. Алгач профилдик комитетке, кийин палатага алып чыгалы. Бөлтүрүктүн өзүнөн маалымат алалы”.

Кыргыз тарап быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык инвестор “Центерра” компаниясына 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай 17-майда Министрлер кабинети парламенттин чечими менен “Центеррага” таандык «Кумтөрдү» башкарууну үч айга өзүнө алган жана тышкы башкаруучу кылып Тенгиз Бөлтүрүктү дайындаган. 17-августта тышкы башкаруунун мөөнөтү узартылган.

Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. (RK)

XS
SM
MD
LG