Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:35

Манасчы Салимбай Турсунбаев дүйнө салды


Салимбай Турсунбаев.
Салимбай Турсунбаев.

Белгилүү манасчы, “Маданияттын мыкты кызматкери” Салимбай Турсунбаев акка моюн сунду. Бул тууралуу манасчы Азиз Биймырза уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Турсунбаевдин кан басымы көтөрүлүп кеткен.

Салимбай Турсунбаев 1959-жылы 13-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кайырма кыштагында туулган. 1986-жылдан бери "Манас" айтат.

Кесиби боюнча – энергетик. Ал Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашап, энергетика адистиги боюнча Токтогул ГЭСиндеги Каскадда эмгектенип келген. Мындан тышкары, Кара-Көл шаардык Маданият үйүнүн усул бөлүмүндө башкы усулчу, “Балдардын атайын билим берүү борборунда” “Манас сабагы” боюнча мугалим болуп эмгектенип, артынан шакирт ээрчитип, жаш манасчыларды таптап келген.

Бир катар өкмөттүк сыйлыктарды алган. Манасчы менен коштошуу зыйнаты 23-сентябрда Кара-Көл шаарында өтөт. (MZh)

XS
SM
MD
LG