Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Беларус интернет эркиндигин чектөөнү улантып жатканы айтылды


Tut.by. интернет порталын колдоо акциясы. Вильнюс, 18-май 2021-жыл
Tut.by. интернет порталын колдоо акциясы. Вильнюс, 18-май 2021-жыл

Freedom House эл аралык укук коргоо уюму Беларуста интернет эркиндиги абдан төмөндөгөнүн билдирди. 21-сентябрда жарык көргөн соңку докладында Вашингтондо жайгашкан уюм бийликтин “репрессивдүү өнөктүгү” быйыл да уланганын, былтыркы көрсөткүчтөр начарлаганын, бул жагынан Бирмадагы абал гана жаман экенин белгиледи. Укук коргоочулар былтыр президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык акциялары маалында жана андан кийин бийлик интернетти чектеп, социалдык медиага көзөмөлүн күчөттү, онлайн активисттерди кармап, куугунтуктап келатат деп билдирип келишет.

Оппозиция жана Батыш өлкөлөрү Александр Лукашенко жеңди деп жарыяланган шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышкан.

Алсак, өкмөт популярдуу TUT.by жана Nasha Niva маалымат каражаттарынын вебсайттарын блоктоп салган, NEXTA каналынын мурдагы башкы редактору камакка алынган. Ал бараткан жүргүнчү учак Минскиге күчтөп кондурулган.

Интернеттеги эркиндик боюнча докладда быйыл 70 өлкөдөгү абалга баа берилген. Жалпы жонунан дүйнөдө интернет эркиндиги 11-жыл катары менен начарлап баратат. Тизменин этегинде Бирма, Беларус жана Уганда жайгашканы докладда айтылат.

Бул өлкөлөр менен катар Азербайжан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Пакистан жана Иран “эркин эмес” деп аталган. Украина жана Кыргызстан интернеттеги эркиндиктин көрсөткүчтөрү жагынан “жарым-жартылай” эркин деген топко киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG