Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Кытай чет өлкөлөрдө көмүр менен иштеген станцияларды курбайт


БУУнун Башкы ассамблеясы. Нью-Йорк, 21-сентябрь 2021-жыл
БУУнун Башкы ассамблеясы. Нью-Йорк, 21-сентябрь 2021-жыл

Кытайдын президенти Си Цзинпин анын өлкөсү чет мамлекеттерде көмүр менен иштеген станцияларды мындан ары курбайт деп билдирди.

Кытай лидери БУУнун Башкы ассамблеясында видео аркылуу жасаган кайрылуусунда климаттын өзгөрүшүн алдын алууга байланыштуу бир топ убадаларды берди. Кытай дүйнөдө климаттын ысышына алып келген метан сыяктуу газдарды эң көп чыгарган жана көмүрдү эң көп керектеген мамлекет. Мындан улам Бээжин эколог, климатологдордун сынына кабылып келет.

БУУнун климат боюнч атайын өкүлү Жон Керри Кытай президентинин жарыясын кубаттап, ноябрда Глазгодо өтүүчү конференцияны утурлай жакшы жышаан катары сыпаттады.

Кытай өз планын качан ишке ашыра баштары белгисиз. Бирок өнүгүп келаткан 20 өлкөдө 47 электрстанцияны куруудан баш тартышы мүмкүн. Бээжин ошол долбоорлордун акыркы ири чет өлкөлүк инвестору болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG