Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

ИИМ жасалма ПЧР-тест саткандар кармалганын билдирди 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер органдары жасалма ПЧР-тесттерин мыйзамсыз сатуу боюнча Чүйдүн Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда эки, Талас облусунда бир фактыны каттады.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жасалма тест саткан деген шек менен 25 жаштагы эки адамды кармады. Аларга Жазык кодексинин “Документтерди жасалмалоо” беренеси менен айып коюлду.

Буга окшогон дагы бир факты Талас облусунун Манас районунда катталды. Менчик лабораториянын эки кызматкери жасалма ПЧР- тесттерин 2 миң сомго сатканы аныкталып, кармалды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жасалма тест саткандар Жазык кодексинин “Документтерди жасалмалоо” беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG