Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Каталониянын экс-лидери, жикчил Пучдемон Италияда кармалды


 Каталониянын экс-лидери, жикчил Карлес Пучдемон. 6-апрель, 2018-жыл. Германия.
Каталониянын экс-лидери, жикчил Карлес Пучдемон. 6-апрель, 2018-жыл. Германия.

Каталониянын мурдагы башчысы, бозгунда жүргөн Карлес Пучдемон Италиянын Сардиния аралында Испаниянын өтүнүчү менен кармалды.

Ал төрт жыл мурда Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча референдум өткөргөндөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал референдумду Мадрид мыйзамсыз деп тааныган.

Пучдемонду эми Испанияга экстрадициялоо боюнча сот 24-сентябрда өтөрү күтүлүп жатат.

Учурда Пучдемон Бельгияда жашайт, ал Европарламенттин мүчөсү.

2017-жылдын күзүндө Испаниянын эң бай аймактарынын бири Каталониянын жетекчилиги Мадриддин каршылыгына карабай эгемендик алуу боюнча референдум өткөргөн.

Аймактын парламенти талаштуу добуш берүүнүн жыйынтыгын жүйө кармап, Каталониянын эгемендигин жарыялаган.

Испан өкмөтү бул кадамды мыйзамсыз деп баалап, каталон парламентин таркатып, жаңы шайлоо жарыялаган, жикчил жетекчилерге кылмыш иши козголгон болчу.

XS
SM
MD
LG