Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Казак соту Кытай элчилигинин алдына чыккан аялга айып пул салды


Кытайда камалган туугандарын бошотууну талап кылгандар полиция башкармалагынын алдына чыгышты. 24-сентябрь, 2021-жыл.
Кытайда камалган туугандарын бошотууну талап кылгандар полиция башкармалагынын алдына чыгышты. 24-сентябрь, 2021-жыл.

Казакстанда сот Кытай элчилигинин алдына Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып чыккандардын бири Гаухар Курмангалиевага 200 доллар өлчөмүндөгү айып пул салды.

Расмий маалыматка ылайык, ага "коомдук тартипти бузуу жана жыйын өткөрүү" деген берене боюнча айып тагылды.

Курмангалиева менен чогуу элчиликтин алдына чыккан тогуз адамды полиция 23-сентябрда кармап кеткен.

Ушул аптанын башынан бери он чакты адам Нур-Султандагы Кытай элчилигинин имаратынын алдына чыгып, элчи Чжан Сяонун Казакстандан кетишин талап кылып жатышат. Шаар прокуратурасы аларга акциясы мыйзамсыз экенин эскертти.

24-сентябрда жарандар Нур-Султандагы полиция башкармалыгынын алдына чыгышты.

Буга чейин Кытайдагы камактагы туугандардын бошотууну талап кылгандар Бээжиндин Алматыдагы консулдугунун алдына жети айдан бери чыгып келишкен. Айрым учурда алар имараттын алдында түнөп да калышчу. Акциянын катышуучуларын полиция бир нече жолу кармап, айып пул төлөөгө милдеттендирип, кээ бирлерин 10-15 суткага камаган да учурлар болгон. Бул убакыт ичинде аларга консулдуктан эч ким чыккан эмес.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG