Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:18

АКШ мамкатчысынын орун басары Ташкентке барды


Өзбекстан. Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Уэнди Шерман. 3-октябрь, 2021-жыл.
Өзбекстан. Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Уэнди Шерман. 3-октябрь, 2021-жыл.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Уэнди Шерман менен жолугушту. Анда Ооганстандагы кырдаал жана чөлкөмгө тийгизген таасири талкууланды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

"Тараптар Ооганстандагы улуттук жарашууга, инклюзивдик өкмөт куроого жана адам укугун сактап, өлкөдө гуманитардык кризиске жол бербөөгө өбөлгө түзүү зарылдыгын белгилешти", – деп жазылган Өзбекстандын тышкы саясат мекемеси тараткан билдирүүдө.

Мындан сырткары жолугушууда АКШ менен Өзбекстандын өз ара соода-экономикалык алакасын арттырып, инвестициялык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурула турганы белгиленди. Стратегиялык өнөктөштүк диалогунун алгачкы биргелешкен жыйынын уюштуруу маселеси дагы каралды.

АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Уэнди Шермандын Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында анын жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуусу дагы мерчемделген.

XS
SM
MD
LG