Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:33

Владимир Зеленский Саакашвилинин камалышына тынчсызданды


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Украин президенти Владимир Зеленский Михаил Саакашвилинин камалышына тынчсызданып жатканын анын маалымат катчысы Сергей Никифоров маалымдады. Расмий Киев украин жаранына карата мындай мамиле үчүн Тбилисиден түшүндүрмө сурап кайрыларын кошумчалады.

Президент Зеленский Саакишвилини кайтаруу боюнча бардык чаралар көрүлөрүн айтты:

"Михаил Саакашвили украин жараны болуп саналат. Биз бардык мамлекеттик институттарды колдонобуз. Анын ичинде Тышкы иштер министрлиги, Грузиядагы биздин элчи жана Украинадагы грузин элчиси, өкмөт, парламент - биз мунун үстүнөн иштейбиз", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский .

Саакашвили Грузияда президент болуп турган кезиндеги бир нече ишке байланыштуу "коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, сыртынан 9 жылга кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Украин жарандыгын алып жүргөн Саакашвили мекенине кайтып келгенден көп өтпөй жарыялаган видео кайрылуусунда элди жергиликтүү шайлоолордо "Бириккен улуттук кыймылга" добуш берүүгө чакырган болчу. Ал кармалгандан кийин ачкачылык жарыялап, украин консулу менен жолугушууну талап кылып жатканы белгилүү болду.

Быйыл 53 жашка толгон Михаил Саакашвили 2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабынан" кийин бийликке келген. Ал 2013-жылы Грузиянын президенттигинен кетип, "Евромайдан" окуяларынан кийин Украинага келген. 2015-жылы грузин жарандыгынан баш тартып, Украинанын Одесса облусунун губернатору болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG