Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Бейшеналиев өлкөдө коронавирустун нигериялык штаммы чыгышы мүмкүн экенин айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган нигериялык штаммы катталып калышы ыктымал. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-октябрда "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди.

"Дүйнөдө коронавирустун 4-5-толкуну жүрүп жатат. Буга чейин "дельта" штаммынан коркуп жаттык эле. Азыр Кыргызстанда ооругандардын 70% ушул штамм менен катталып жатат. Бирок азыр эң эле коркунучтуусу нигериялык мутацияланган формасы чыкты. Ал "дельтадан" да, башкасынан да агрессивдүү экен. Ошого дагы биз даярбыз. Азыркы кезде 3 млн. 50 миң доза вакцияна алдык. Анын 1,5 млн. эле дозасы сайылды", - деди министр.

Бейшеналиев соңку күндөрү вакцина алган жарандардын саны азайып кеткенин билдирди. Анын айтымында, күз айларына чейин күнүнө 15-20 миң киши эмделип жатса, азыр вакцина алгандардын саны араң 1-2 миңдин тегеригинде болууда.

Өлкө боюнча коронавируска каршы эмделгендердин саны 1,5 млн. чукулдады. Алардын 839 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын алды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 4-октябрда коронавирустан бир бейтап каза болду. 43 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Ооруну жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG