Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Шереметьеводо кыргызстандыктар кармалып турганы кабарланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвадагы Шереметьево аба майданында бүгүн, 7-октябрдын таңында учуп барган Кыргызстандын болжол менен 300дөй жараны кармалып турганы тууралуу маалыматтар социалдык медиада таркап жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен учурда аэропортко юристтер кеткенин кабарлашты.

Буга чейин социалдык медиада бала-чакасы менен учуп барган кыргызстандыктардын ID карталары чогултулуп алып, ар бири бирден өткөрүлүп, Орусияга келген максатын сурап жатышканы тууралуу маалыматтар тараган.

Элчиликтин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна бул окуя боюнча юристтер аэропорттон кайтканда дагы толук маалымат берилерин маалымды.

Орусияда быйыл 15-июнда президент Владимир Путин “коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктайт. Министрлик ага чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, аны расмий каттатуу сыяктуу иш-чараларды толук бүтүрүү зарыл экенин эскертти.

Мындай документтери болбогон шартта миграциялык кызмат, полиция айып салат же Орусиянын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алат.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG