Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

"Евробиримдик-Борбор Азия" форумунда саясий куугунтук маселеси көтөрүлдү


Саясий куугунтукталгандардын бошотулушун талап кылган активисттер. Нур-Султан, 5-октябрь, 2021-жыл.
Саясий куугунтукталгандардын бошотулушун талап кылган активисттер. Нур-Султан, 5-октябрь, 2021-жыл.

6-октябрда Казакстандын Алматы шаарында Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн катышуусунда жарандык форум өттү. Иш-чара онлайн жана оффлайн аралаш форматта өттү. Бирок ага таасирдүү казакстандык укук коргоочу жана активист катыша алган жок.

Форумдун алкагында активисттердин тобу Европарламенттин депутаттарына видео кайрылуу жасады.

"Биз Казакстандагы баардык саясий туткундардын бошотулушун, быйыл 11-февралда чыккан Европарламенттин резолюциясынын баардык баскычтарынын аткарылышын талап кылабыз. Биз Евробиримдикти Казакстандагы адам укуктарын бузганга, демократияны басмырлаганга жоопкер адамдарга каршы жеке санкцияларды киргизүүгө чакырабыз"-деди активисттер.

Алар ошондой эле мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге каршы да санкция киргизүүнү талап кылышты.

Бир күн мурда активисттер ушундай эле талаптарды айтып Евробиримдиктин Нур-Султандагы өкүлчүлүктүн алдына чыгышкан. 5-октябрда шаркеттин өкүлдөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушкан. Ал жолугушууда адам укуктары, Казакстандагы куугунтуктоолор тууралуу маселе көтөрүлгөнү белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG