Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

ДССУ безгекке каршы алгачкы вакцинаны жактырды


Безгек оорусу чиркейлер аркылуу жугат. Иллюстрациялык сүрөт.
Безгек оорусу чиркейлер аркылуу жугат. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму безгекке (малярия) каршы алгачкы вакцинаны жактырды.

Уюмдун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус 6-октябрда билдиргендей, вакцинаны азыркы малярияга каршы каражаттар менен чогуу колдонуу жыл сайын он миңдеген жаш өмүрлөрдү сактап калууга өбөлгө түзөт.

Буга чейин Улуттар уюмунун саламаттык сактоо боюнча эки тобу жактырылган вакцинаны Африкадагы баардык балдарга саюуну сунушташкан.

Mosquirix деп аталган вакцинанын натыйжалуулугу 30% гана түзөт жана анын коргоо касиети бир нече айдан кийин жоголот. Бирок илимпоздор бул да болсо оорудан сактанууга жардам берерин белгилешет.

ДССУнун маалыматына ылайык, безгек оорусунан жабыркагандардын жана андан каза болгондордун 94% Африка континентине туура келет. Уюмдун маалыматына ылайык, чиркейлер аркылуу жуккан бул оору 2019-жылы 386 миң африкалыктын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG