Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

"Озоди": "Талибан" Тажикстан менен алакаларын оңдоого даяр экенин айтты


Тажик-ооган чек арасындагы Рузвай-Нусай көпүрөсү.
Тажик-ооган чек арасындагы Рузвай-Нусай көпүрөсү.

Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн өкүлү Рухулла Умар 6-октябрда "Толо ТВ" каналына берген маегинде, Тажикстанды "жакшы коңшу" деп атаганын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.

"Тышкы иштер министрлиги баардык мамлекеттер менен байланыш түздү. Биз алар менен жакшы мамиле курганга аракет кылабыз. Буюрса, Тажикстан бийлиги менен да баардык суроолор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз", -деген Рухулла Умар.

Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан менен сүйлөшкөнү маалым болгон. Анда Рахмон ар кайсы күчтөрдүн кеңири диалогу Ооганстандагы туруктуулук жана тынчтыкты орнотуудагы маанилүүү фактор экенин баса белгилеген.

Ал арада "Озоди" радиосу айрым булактарга таянып, тажик-ооган чек арасындагы Дарваз тилексиндеги бекет жана көпүрө ачылганын жазды. Ички булактардын маалыматына ылайык, Рузвай-Нусай көпүрөсү Дарваз аймагында "Ансоруллах" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) тобунун согушкерлери пайда болгондо жабылган. Аталган топтун ишмердигине Тажикстанда жана Кыргызстанда тыюу салынган.

Чек аранын калган бөлүктөрү жабык. Буга чейин расмий Дүйшөмбү талибдерди бир нече ирет өлкөдөгү бардык этностук топтордун мүчөлөрү кошулган инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырган. Өз кезегинде талибдер Тажикстанга Ооганстандын ички ишине кийлигишпөөнү эскертишкен.

Тажикстан менен чектеш Бадахшан жана Тахар провинцияларына миңдеген жоочуларын "ыктымал коркунучтарга" каршы жайгаштырганын билдирген. Ал эми Дүйшөмбү Ооганстан менен чектеш аймактарга 20 миңдей аскерин жайгаштырууну пландап жатканын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG