Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

"Кумтөр Голд" компаниясы "Центерранын" кайрылуусуна жооп кайтарды


Кумтөр кенинде тартылган сүрөт.
Кумтөр кенинде тартылган сүрөт.

7-октябрда "Кумтөр Голд" компаниясы "Центерранын" 5-октябрдагы кайрылуусуна жооп кайтарып, атайын билдирүү таратты.

Анда "Центерра Голд" компаниясынын "Кумтөрдү жетектеп турганда айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жана экономикалык эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес" деген билдирүүсүнө каршы фактылар келтирилди.

Далил катары экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманованын төмөндөгү сөзү берилген:

“Центерра Голддун” эч кандай далилге негизделбеген, куру сөздөргө толгон бул билдирүүсүнө биз далилдүү фактылар менен жооп кайтарууну туура көрдүк. “Центерра Голддун” башкаруусу маалында уулуу калдыктар, химиялык реагенттердин таңгактары, май фильтрлери, тоо-кен техникасынын тетиктери, эски дөңгөлөктөр, жада калса автоунаалар бүкүлү бойдон кендин ар кайсы жерлерине көмүлгөнү билинди. Бир канча жылдар бою алар кендеги өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көп бөлүгүн кайра иштетүүнүн ордуна, ушинтип жерге көмө беришкен. Бул полигондор бир дагы отчетто же документте көрсөтүлгөн эмес. Атайын жабдыктар менен иликтеген кендеги экологдордун айтымында, төрт метр тереңдикке чейин көмүлгөн мындай таштандылар кендин бир канча жеринде бар. Бул биздин өлкөнүн жаратылышына жасалган түркөй мамиле".

"Кумтөр Голд" компаниясы азыркы тапта Теӊгиз Бөлтүрүктүн тапшырмасы менен кенде экологиялык катуу көзөмөл киргизилген, бардык калдыктар сорттолуп, кайра иштетүүгө жиберилип жатканын кабарлады.

Канадалык "Центерра Голд" компаниясы 5-октябрда "Кумтөр кенин биз иштетип жаткан учурда экологиялык, иштөө тартиби жана экономикалык эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес, учурда кыргыз бийлиги негизсиз маалымат берүүдө" деген билдирүү тараткан.

Беш барактан турган кенен билдирүүдө: "Кумтөр кенин биз жетектеп жатканда, ал айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жана инженердик камсыздоо жаатындагы эң жогорку эл аралык стандарттагы, дүйнөлүк деңгээлдеги объекти болуп саналып, Кыргызстандын экономикасына 4,48 миллиард доллардан ашуун каражат кошкон", - деп айтылат.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG