Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы танзаниялык жазуучу Гурнага ыйгарылды


Кент университетинин профессору, жазуучу Абдулразак Гурна.
Кент университетинин профессору, жазуучу Абдулразак Гурна.

Швед академиясы адабият боюнча Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреатын 7-октябрда жарыялады.

Абройлуу сыйлык Занзибарда туулган танзаниялык жазуусу Абдулразак Гурнага "анын оторчулуктан кийинки маалындагы качкындардын азабын сезип, туюп, жүрөгүнөн өткөрүп баяндаганы үчүн" ыйгарылды.

Ал Занзибарда туулуп, Англияда жашайт. Гурна Кент университетинин профессору.

Бул жылкы фавориттердин арасында француз жазуучулары Анни Эрно менен Мариз Конде, теги индиялык жазуучу Салман Рушди жана башкалар бар эле.

Нобелдин ээлери алтын медалга жана 1,1 млн. доллар өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG